Бул 19-январда кечкиге карата ӨКМдин атайын эсебине келип түшкөн акчанын суммасы. Учак кырсыгынан жабыркагандар үчүн эсепке акча которуу мындан кийин да улана бермекчи. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов журналисттерге билдирди:
-10,525 млн сом чогулду. Акчадан тышкары кийим-кече, тамак-аш, идиш-аяк жана жуунчу каражаттар да келип түштү. Бул жалпы өлкө боюнча. Бизге ар бир облустар маалымат берип турушат. Күн сайын эки жолу санап, эсебин жарыялап жатабыз.
ӨКМ чогулган каражаттарды жабыркагандарга берүү боюнча атайын жобо иштеп чыкмакчы. Чогулган каражаттар ошол жобого ылайык жабыркагандарга берилет.
Ошондой эле өкмөт тарабынан 20-январда чет мамлекеттен акча которуулар үчүн өзүнчө эсеп ачылары маалым болду.
16-январда "Манас" аэропортуна жакын Дача СУ айылына жүк ташуучу учак кулап, 38 киши набыт болгон. Анын 34ү аталган айылдын тургундары. Кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү түйүндөрү ошол эле күнү уюштурулуп, кийим-кече, тамак-аш жана акчалай жардамдар чогула баштаган. 17-январь күнү өкмөт акчалай жардам берүүчүлөр үчүн бирдиктүү эсеп ачкан.(ZKo)