АКШнын контрчалгын кызматтары президент Доналд Трамптын кеңешчиси Майкл Флинндин Орусиянын расмий өкүлдөрү менен байланыштарын изилдеди. Бул тууралуу The Wall Street Journal жазып чыкты. Басылманын маалыматына караганда, изилдөө “Флинндин Орусия өкүлдөрү менен контакттарынын мүнөзүн аныктоо жана бул байланыштар мыйзам бузганбы же жокпу, аныктоо” максатында жүргүзүлгөн. Негизги көңүл анын Орусиянын АКШдагы элчиси Сергей Кисляк менен 29-декабрда телефондон сүйлөшкөндөрүнө бурулууда. Бул күнү мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы президенттик шайлоо маалындагы киберчабуулдарга байланыштуу Орусияга санкция жарыялаган.
Изилдөө качан башталганы, кандайдыр бир маалымат топтой алган-албаганы тууралуу кабарланган жок. Генерал Флинн АКШ президенти Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси катары 22-январда ант берген. (RK)