Түркиялык учактын кыйроо себептерин иликтөө алты айга чейин созулушу мүмкүн. Жетиштүү материалдар чогулганы менен азыр алдын ала жыйынтыктар ачык жарыяланбайт. Бул тууралуу Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин комиссия төрагасы Леонид Каширский Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.
Комиссия “учак туура эмес алынган эсептен улам кайра экинчи ирет көтөрүлгөндө кулаган” деп мурда айтылган өкмөттүн божомолун төгүндөдү.
Ошондой эле борттук жабдуулардын оң абалда болгону жана кырсыкка чейин аварияга алып келчү техникалык мүчүлүштүктөр катталбаганы айтылды. Экипаж менен диспетчердин акыркы байланышы аба ырайы туурасында гана болгону белгиленди.
16-январда Гонконг-Бишкек-Стамбул багытында учкан “Боинг 747” жүк учагы “Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна кулап, 23 үйдү талкалап кеткен. Кырсыктын кеcепетинен 39 адамдын өмүрү кыйылып, он чакты адам жаракат алган. (KJ/RK)