Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Мирзиёев кыргыз активисттерине мамлекеттик сыйлык ыйгарды


 Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз активисттерине мамлекеттик сыйлык ыйгарды. Өлкөнүн Республикалык интернационалдык маданий борборунун 25 жылдыгына карата чыккан жарлыкка ылайык улут аралык ынтымакты, биримдикти бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ар улуттагы ондогон активистке мамлекеттик наам, орден жана медалдар тапшырылмай болду.

Анжияндагы кыргыз улуттук маданий борборунун активисти, Жалалкудук районундагы №27 мектептин директору Үмүткан Маматалиевага "Достук" ордени, ал эми Ферганадагы "Сулуу кыз" ансамблинин көркөм жетекчиси, №25 орто мектептин мугалими Нуртажи Халибаевага "Даңк" медалы ыйгарылды. (RK)

XS
SM
MD
LG