Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Брюсселде Косово-Сербия мамилесин жөнгө салуу жолдору талкууланат


Брюсселдеги жолугушуу.
Брюсселдеги жолугушуу.

Косово менен Сербиянын лидерлери бүгүн Брюсселде жолугушуу өткөрүп, ортодогу начарлап кеткен мамилени жөнгө салуу жолдорун талкуулайт.

- Биз жогорку жетекчилик деңгээлиндеги диалогду улантууну чечтик. Ортодогу чыңалууну басаңдатууга, жоопкерчилик менен мамиле жасоого аракеттенебиз,- деди 24-январда Сербиянын премьер-министри Александр Вучич.

Анын алдында Косово президенти расмий Белградды 2008-жылы Сербиядан бөлүнүп чыккан бул өлкөдөгү абалды дестабилдештирүү аракетин жасап жатат деп айыптап чыккан.

1998-99-жылдары Косоволук албандар менен серб армиясынын ортосунда тутанган кандуу согуш эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча 12 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган. Жүз миңдеген киши үйүн таштап башка жактан башкалка издөөгө аргасыз болгон. 2008-жылы Косово көз каранды эместигин жарыялагандан бери анын жаңы статусун АКШ, Евробиримдикке кирген бир катар өлкөлөр баш болгон 100дөй өлкө тааныды. (RK)

XS
SM
MD
LG