Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

“Бир дүйнө” УКМКны жалган маалымат таратууга айыптады


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюму Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин жалган маалымат таратканы үчүн айыптады. Бул тууралуу аталган уюм тараткан билдирүүдө айтылат. Анда Ошто "хизбутчу" делинген жаранды кармоо учурунда укук коргоо уюмунун өкүлдөрү операцияга тоскоолдук кылып, жаңжал чыгарууга аракет кылганы тууралуу УКМК тараткан маалымат чындыкка жатпастыгы белгиленген.

Буга байланыштуу “Бир дүйнө-Кыргызстан” УКМКга расмий кат жибергенин жана анда жалган маалымат тараткан кызматкерлерди жоопко тартууну суранган.

Кечээ Улуттук коопсуздук комитети Ошто "хизбутчу" деп кармалган жарандын үйүнөн өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырган дисктер менен катар "Бир дүйнө Кыргызстандын" "Өз укугуңду коргой бил" деген китепчелери табылганын, "тергөөдөгү адамды кармоо маалында уюмдун өкүлдөрү элди чогултуп, чыр чыгарууга аракет кылганын" маалымдаган.

УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун белгилешинче, учурда "тергөө иштерине тоскоолдук жаратуу" деген негизде кылмыш иш козгоо маселеси каралууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG