Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Кыргыз элчилиги түрк медиасынын калптарын төгүндөөнү талап кылды


Түркия, Эсенйурттагы кармоолор.
Түркия, Эсенйурттагы кармоолор.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги түрк медиасынан акыркы маалыматтарын төгүндөөнү талап кылды. Мындай расмий катты элчилик түрк маалымат каражаттарына жиберди.

Бул тууралуу Түркиядагы кыргыз элчиси Ибрагим Жунусов түрк вице-премьер-министри Тугрул Түркеш менен жолугушууда билдирди. Жунусов түрк медиасынын акыркы теракттарга кыргыз жарандарынын катышы бар деп такталбаган маалыматтарды таратканы эки мамлекет арасындагы кызматташтыкка терс таасирин тийгизерин белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын маселелери да талкууланды.

Стамбулдагы акыркы теракт боюнча түркиялык маалымат каражаттарында бир нече ирет Кыргызстанга байланыштуу такталбаган маалымат тараган. Алгач Стамбулдагы түнкү клубга кол салууга шектүү катары кыргызстандык кармалды дешкен. Чынында кыргызстандык жигит кармалганы менен күнөөсү жоктугу аныкталып, дароо кое берилген.

Кийин шектүү өзбекстандык Стамбулдун Эсенйурт аймагында кармалганда аны кыргызстандык киши үйүнө калкалап жүрүптүр деген да маалымат тарады. Бирок үйдүн ээси Ирактын жараны болуп чыккан.(BkA)

XS
SM
MD
LG