Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:37

Оппозицияны коргоо комитети Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылууда


Оппозициянын жыйыны.
Оппозициянын жыйыны.

Бул тууралуу Камактагы оппозицияны коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, "бийликти басып алууга аракеттенген" деген айып менен оппозициядагылардын камакка алынышы мыйзамсыз.

- Бийлик сотту ачык өткөрүүгө даабайт. Анткени, ачык сот болсо оппозициянын негизсиз абакта отурганы белгилүү болмок. Мындан улам УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев туура эмес иштери үчүн кызматтан кетишин талап кылабыз, - деди Аргымбаев.

Бишкекте бүгүн камактагы оппозицияны колдоо боюнча жыйын өттү. Иш-чараны “Сөз эркиндигин коргоо" комитети жана "Элдик курултай" кыймылы уюштурду.

Оппозициядагы Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматовдор бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен былтыр май айында камалган.

Булардын ичинен өткөн жылы ноябрда Дастан Сарыгулов саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылган. Калганы УКМКнын тергөө абагында. Алардын ишин Бишкектин Биринчи Май райондук соту жабык териштирүүдө. Жарандык активисттер бүгүнкү жыйында саясий негизде камакта отургандардын катарына “террорчулукка көмөктөшкөн” деп айыпталып жаткан экс-депутат Максат Кунакуновду да кошту. УКМК жыйында айтылгандар боюнча комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG