Косово жана Сербиянын лидерлери чыңалган алаканы жөнгө салуу үчүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү улантууну чечишти. Мындай чечим 24-январдын кечинде Брюсселдеги саммитте кабыл алынды.
Бул Приштина менен Белграддын президент жана премьер-министрлеринин деңгээлинде өткөн биринчи түз жолугушуу болуп калды. Ага Европа Биримдиги ортомчулук кылды.
Сүйлөшүүлөрдүн алдында Косовонун лидерлери аймакты туруксуздаштыргысы келет деп Сербияны күнөөлөгөн. Сербиянын бир бөлүгү болуп келген Косово 2008-жылы көз карандысыздыгын жарыялаган.