Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Жапония өз чегинде Орусиянын аскердик учактарын байкады


Ту-95 аскердик учактары.
Ту-95 аскердик учактары.

Жапониянын Коргоо министрлиги Орусиянын үч аскердик учагы жапон чек арасына жакын учуп келгенин билдирди. 24-январда жарыяланган маалыматка ылайык, бомбалоого ылайыкташкан Ту-95 учактары Жапониянын түндүгүнө жакындап, түшкө жуук Жапон деңизинин үстүнөн учуп өткөн.

Алардын экөө түштүктөгү Окинава аралына багыт алып, кечке маал кайра Орусияга кайтышкан. Бирок Коргоо министрлиги орус учактары Жапониянын аба мейкиндигин бузбаганын белгиледи.

Акыркы жолу Орусиянын аскердик учактары бир жыл мурда Жапонияга жакын учуп келишкен. Былтыр бул өңдүү 500гө чукул окуя катталып, алардын басымдуу бөлүгүнө Кытай учактары аралашкан.

XS
SM
MD
LG