Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

“Касперский” компаниясынын менеджери камакка алынды


Орусиядагы "Касперский" компаниясы.
Орусиядагы "Касперский" компаниясы.

Киберкоопсуздук жаатындагы белгилүү орусиялык “Касперский” компаниясынын бир менеджери Орусияда камакка алынды.

Ал Руслан Стоянов экенин компаниянын басма сөз өкүлү Мария Широкова 25-январдагы билдирүүсүндө ырастады.

“Коммерсантъ” басылмасы бул окуя Федералдык коопсуздук кызматынын Маалыматтык коопсуздук борборунун жетекчи орун басары Сергей Михайловдун кармалышына байланыштуу деп кабарлады. Маалыматтарга караганда, эки адамга тең чыккынчылык айыптары тагылууда.

Мария Широкова Стояновдун кармалышынын “Касперский” компаниясына тиешеси жоктугун, ал бул компанияга ишке орношконго чейинки окуялар боюнча айыпталып жатканын билдирди.

LinkedIn сайтындагы маалыматка ылайык, Стоянов 2012-жылдан баштап “Касперский” компаниясында иштей баштаган. 2000-жылдардын башында Орусиянын Ички иштер министрлигинин киберкылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүндө иштеген.

XS
SM
MD
LG