Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Крымда татар активистти жактаган адвокат камалды


Николай Полозов
Николай Полозов

Орусиянын көзөмөлүндөгү Крымда белгилүү татар активисттин укугун коргогон орус адвокаты Николай Полозов күч менен кармалып, Федералдык коопсуздук кызматына жеткирилди. “Азаттыктын” кабарчысы Симферополдо жарандык кийимчен алты адам адвокатты күчтөп автоунаага салып кеткенине күбө болгон.

Позоловдун кесиптеши Марк Фейгин коопсуздук кызматы адвакатты кардары Илми Умеровдун иши боюнча суракка алып жатканын кабарлады.

Умеров Крым татарларынын межлисинин мурдагы төрагасы болчу. Ал 2014-жылы Москванын Крымды аннекциялашын кескин сындап чыккан. Көп өтпөй ага жикчилдик беренелери боюнча айып тагылган. Август айында Умеров күч менен психиатриялык ооруканага бир айга жаткырылган.

XS
SM
MD
LG