АКШнын президенти Дональд Трамп ноябрдагы шайлоодо добуштар бурмаланды деген маалыматтарды териштирүү үчүн “ири иликтөө” жүргүзүүнү талап кыларын билдирди.
Ал эки штаттагы катталган добуш берүүчүлөр, мыйзамсыз шайлоочулар, керек болсо тизмедеги каза тапкан адамдар тууралуу маалыматтар иликтениши керектигин Твиттерге жазды.
Кошмо Штаттардын жаңы президенти иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин шайлоодо добуш берүүнүн жол-жоболору күчтөнөрүн белгиледи.
Ноябрь айында өткөн шайлоодо Трамп штаттардагы шайлоочулар коллегиясынын көпчүлүк добушун алып, жеңишке жеткен. Бирок өлкөдөгү жалпы шайлоочулардын санын алганда атаандашы Хиллари Клинтон 2,9 миллионго көбүрөөк добуш топтогон.
Трамп добуштар бурмаланганы үчүн Клинтон айым озуп чыкканын билдирген. Бирок бул айтканын далилдер менен негиздеп берген эмес.