“Ак илбирс-2017” улуттук кино сыйлыгына арыздар кабыл алына баштаганын иш-чараны уюштуруучулар кабарлады.
«Ак илбирс» улуттук кинематографтын жетишкендиктерин даңазалоо, жайылтуу жана көркөм деңгээлин жогорулатуу максатында 2012-жылдан бери тапшырылып келатат.
Анын уюштуруучулары - Кыргызстандын Кинематографисттер союзу, «Айтыш» коомдук фонду, Кинону өнүктүрүү фонду жана Кинематография департаменти. (RK)