Илимдер академиясында сакталып турган тарыхый кол жазмалар санарипке өткөрүлүүдө. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Бүгүн УИАнын башкы имаратында on-line каталогдун бет ачары өтөт.
Улуттук илимдер академиясынын архивиндеги 3 миңдей, жалпысынан 400 миң бет кол жазманын санарип сүрөтүн эми каалаган убакта интернеттен көрсө болот.
Арасында Алыкулдун өз колу менен жазган ыр саптары, этнографиялык жана археологиялык экспедициялардын материалдары, 1916-жылдагы Үркүн боюнча архивдик жана башка маалыматтар бардыгын “Азаттыкка” долбоорду аткарган “Биздин мурас” фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек билдирди.
Мунун баарын manuscript.lib.kg сайтынан тапса болот.
Долбоорду ишке ашырууга "Сорос-Кыргызстан" фонду көмөктөштү. Кол жазмалар фондунун on-line каталогунун бет ачары күндүзгү саат онго белгиленген. (RK)