Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Өкмөт аналог телесигналдары толук өчөрүнө 3,5 ай калганын эскертүүдө


Телевизор сатып алууда жарандар анын санарипке жарай турганын сөзсүз текшериши керек. Бул тууралуу эскерткен өкмөт санарипке өтүү мөөнөтү тууралуу эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү чечти.

Вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев санарип телекөрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул жаатта пайда болуп жаткан маселелерди тез арада чечүү керектигин билдирди.

Аналог форматындагы көрсөтүү токтотулары буга чейин да айтылып, бирок эл даяр эместигинен улам мөөнөтү жылдырылып келген.

Акыркы чечимге ылайык, аналог сигналдары быйыл 15-майда толугу менен токтотулуп, өлкө санарипке өтөт. Бул үчүн көрүүчүлөрдө атайын кошумча жабдуу же DVB-T2 MPEG4 форматында иштей алган телевизор болушу зарыл. (RK)

XS
SM
MD
LG