Учак кырсыгына байланыштуу Бишкектеги түрк элчилигинин алдында нааразылык акциясы өтөт. Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн элчиликтин алдына барып, кыйраган учактын ичиндеги жүк кимге таандык болгону тууралуу так маалымат берүүнү талап кылат.
Ал “Наристе балдарыбыз бөөдө өлүмгө учураган кара жолтой жүктүн ээси ким?” деген суроону коёрун “Азаттыкка” билдирди.
16-январда Кытайдан 86 тонналык жүк менен келаткан учак “Манас” аэропортунун жанынан кырсыкка учурап, Дача СУ айылына кулаган.
Каза тапкан 39 адамдын тең жарымы балдар.
Бийлик бул жүк Түркияга ташылып баратканын айтууда. Бирок түркиялык ACT Airlines компаниясы учак Кыргызстанга жүк жеткирүү максатында конуп жатып кыйраганын, буга чейин 52 жолу жүк алып келгенин кабарлаган. (RK)