Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:24

Кошмо Штаттар БУУну каржылоону кыскартышы ыктымал


Доналд Трамп
Доналд Трамп

АКШ президенти Доналд Трамптын администрациясы Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык уюмдарды каржылоону кыскарта турган жарлыктарды даярдап жатат. Бул тууралуу бүгүн жазып чыккан New York Times басылмасы ошондой эле АКШ эл аралык көп тараптуу макулдашуулардагы милдеттерин аткаруудан баш тартышы толук ыктымал экенин кабарлоодо.

Тагыраак айтканда, бойдон алдырууну жана Иран менен Түндүк Кореяга карата жарыяланган санкция тартибин бузган иш-чараларды колдогон уюмдарды каржылоо олуттуу кыскартууларга туш болгону жатат.

Ошондой эле финансылык бойкотко террорчулукту каржылаган, түрдүү азчылыктарды куугунтуктаган жана адам укуктарын көп бузган мамлекеттердин таасириндеги уюмдарга да тиешелүү болот.

Атайын түзүлө турган комиссия каржылоону кеминде 40% кыскартуу жолдорун караштырмай болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG