Орусиялык жеңил атлетчи, Федерация Кеңешинин депутаты Татьяна Лебедева Эл аралык олимпиада комитетинин чечими менен эки күмүш медалынан ажырады. Мындай чечим 2008-жылдагы Пекин олимпиадасындагы допинг-анализдерди кайрадан текшергенден кийин кабыл алынды.
Анын анализдеринен туринабол деген тыюу салынган зат табылды.
40 жаштагы Татьяна Лебедева спорттук карьерасын 2013-жылы аяктаган. Ал Афиныдагы олимпиадада узундукка секирүүдө алтын медал уткан. (RK)