Бул тууралуу Транспорт жана жолдору министри Жамшитбек Калилов Түркиянын Транспорт жана деңиз коммуникациялар министрлигинин өкүлү менен жолугушууда талкуулады. Калиловдун “Азаттыкка” кабарлашынча, жолугушууда Түрк расмий өкүлү учак кырсыгынан каза болгон жана жабыр тарткандарга кенемте төлөөгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле иликтөө аягына чыкканда чейин жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар экени айтылды.
- Түркиянын өкүлү кенемте төлөөдөн мурун жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтсө болорун айтты. Ал кенемтеден тышкары төлөнүшү мүмкүн,- деди Калилов.
Ошондой эле министр учурда Кыргызстандын мамлекеттик органдары жабыркагандарга кенемте төлөөнү толук уюштуруу боюнча иштеп жатканын кошумчалады.
16-январда Гонконг-Бишкек-Стамбул багытында учкан “Боинг 747” жүк учагы “Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна кулап, 23 үйдү талкалап кеткен. Кырсыктын кеcепетинен 39 адамдын өмүрү кыйылып, он чакты адам жаракат алган.(BkA)