Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Жабыркагандарга жардамга 32 млн сомдон ашык акча чогултулду


Көмөк.
Көмөк.

Авиакырсыкта жабыркагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан атайын банк эсебине бүгүнкүгө карата 32 млн. 062 миң 437 сом түштү.

Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жабыркагандарга жардам берүү үчүн каражат топтоо уланууда.

Ошондой эле кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, учурда учак кулаган соң авиа керосин төгүлгөн жерлердин топурагынын үстүнкү катмары алынып, кум жана шагыл төгүлүүдө.

Буга чейин Дача СУ айылындагы айрым жашоочулар ооруканага түшкөн. Алар авиакеросинден улам ууланганы айтылган. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги авиакеросинден улануу фактысы тастыкталбаганын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG