Жогорку Соттун имаратынын алдында “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин мүчөлөрү нааразылык акциясын өткөрүүдө. Учурда акцияга 50дөн ашык адам катышып жатат. Алар сот реформасынын кечеңдеп жатышына нааразы болуп, айрым судьялардын кызматтан кетишин талап кылууда. Алардын жүйөсүндө, Апрел соту боюнча кесилгендер мунапыска илинип, эркиндикке чыгууда. Чогулгандар мындай чечимдерди коррупциялашкан соттор чыгарып жатат, деп эсептешет.
Катышуучулардын колунда “Саткын соттор жоопкерчиликке тартылсын”, “Сот системасындагы коррупцияга каршыбыз, сот реформасы үчүн” деген плакаттар бар. (BkA)