Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:01

Казакстандан кара май аткезчилиги аныкталды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Казакстандан жашыруун жол аркылуу өткөрүлүп жүргөн кара май аткезчилиги аныкталды.

Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы Чу суусунун алдына атайын шланг төшөлүп, күйүүчү май өткөрүлүп келген. Казакстандын аймагына жүк ташуучу машине менен күйүүчү май жүктөп келишип, шланг аркылуу аны Кыргызстандагы машинеге куюп турушкан.

Кармалган учурда бир машине 15 тонна дизелди куюп алганы белгилүү болгон. Учурда бул факт боюнча тергөө башталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG