Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:44

Трамп Сирияда "коопсуздук тилкесин" түзүүнү караштырууда


АКШ президенти Трамп.
АКШ президенти Трамп.

АКШ президенти Доналд Трамп Сириядагы качкындар үчүн “коопсуздук тилкесин” түзүү ниетин билдирди. Бул АКШга иммиграцияны чектөө планынын бир бөлүгү болмокчу. ABC News телеканалындагы маегинде Трамп Европа биримдигинин качкындар кризисин чечүү аракеттери аны ушундай ойго түрткөнүн айтты.

- Менимче, Европа миллиондогон кишинин Германия жана башка өлкөлөргө баруусуна уруксат берүү менен чоң ката кетирди, - деди президент.

Трамп Сирияда "коопсуздук тилкесин" орнотууну мусулман мамлекеттеринен агылган качкындар, иммигранттар же конок болуп келгендер туудурган терроризм коркунучун басаңдатуунун жолу деп эсептейт.

Америкалык маалымат каражаттары андай тилкелер тууралуу буйрук качкындарды Сириядан АКШга көчүрүүнү, Иран, Ирак, Сирия жана бир катар башка мусулман өлкөлөрдүн жарандарына виза берүүнү убактылуу токтотууну караган документтер менен чогуу чыгарын кабарлашууда. Чектөө катуу текшерүү системасы ишке кирмейинче кала бермекчи.

Айрым маалыматтар боюнча, Пентагон жана Мамлекеттик департаментке 90 күндүн ичинде "коопсуздук тилкелер" боюнча план иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Мурдагы президент Барак Обама мындай сунуш АКШны кандуу жаңжалга кириптер кылып, Сирияга согуш учактарын жөнөткөн Орусия менен кагылышууларга алып келиши мүмкүн деген чочулоодон улам ага каршы болуп келген.

XS
SM
MD
LG