Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:53

Казакстанда чөнтөк телефондор эми катталууга тийиш


Казакстанда кабыл алынган жаңы жобо боюнча эми бардык чөнтөк телефондор өкмөттүн маалымат базасында катталууга тийиш. Өлкөдөгү ири эки провайдерлер Kcell жана Beeline компаниялары 25-январда маалымдашкандай, бардык катталбаган телефондор 1-июлда өчүрүлөт.

Компаниялар мындай талап былтыр 22-декабрда кабыл алынган экстремизм жана террорчулукка каршы мыйзамга ылайык коюлуп жатканын билдиришти. Кабарга караганда, Казакстандын маалымат жана коммуникациялар министрлиги учурда мобилдик телефондордун датабазасын түзүүдө.

Кошуна Тажикстанда өткөн ноябрда иштей баштаган жобо боюнча чөнтөк телефондор катталууга тийиш. Бул чара “кылмыштуулук менен күрөштүн” алкагында көрүлүп жатканы айтылган.

XS
SM
MD
LG