Ооганстандын түндүгүндөгү алыскы райондордо калың кар менен сууктан 27 жеткинчек каза тапты. Жаузжан чөлкөмүнүн губернатору Рахматулла Хашардын бүгүн берген маалыматына караганда, жарым метрлик кар жолдорду бууп салды, абанын температурасы 10 градус суукка жетүүдө.
Хашар аяздан акыркы 2-3 күнүндө набыт болгон балдардын бардыгы 5ке чыга элек балдар экенин кошумчалады. Алыскы айылдарга жетүү кыйын болгондуктан, курман болгондордун саны өсүшү мүмкүн деген коркунуч бар.
Азыр ал жерлерге жардам жеткирүү аракети көрүлүүдө. Жыл сайын кышкысын калың кар, катуу суук, көчкүлөр Ооганстанда бир топ адамдын өлүмүнө алып келет. Инфраструктуранын жоктугунан айрым аймактарга жардам жеткирүү өтө оор.