Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Сирия оппозициясы Москванын долбоорун четке какты


Астанадагы жолугушуулар.
Астанадагы жолугушуулар.

Сирия опозициясы Орусиянын жаңы Конституция боюнча сунушун четке какканы кабарланууда. Москва апта башында Астанада өткөн сүйлөшүүлөрдө сунуш кылынган долбоор Сирия өкмөтү, оппозиция жана региондогу мамлекеттерден түшкөн идеяларга негизделгенин ырастоодо. Бирок Блумберг агенттиги оппозициянын атынан сүйлөшүүлөргө катышкан делегациянын мүчөсү Яхья Аридинин “Конституцияны жазуу укугу сириялыктарга гана жүктөлгөнүн билдирдик”, деген сөзүн келтирет.

- Орустар долбоорду алып чыгып, үстөлгө коюшту, бирок биз аны кармап да көргөн жокпуз, бул маселени талкуулабайбыз дедик, - деп билдирди "Франс Пресске" козголоңчулардын атын атабаган өкүлү.

Казак баш калаасындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Орусия, Иран жана Түркия Сирияда жаатташкан тараптар ортосунда үч апта мурун киргизилген ок атышпоого биргелешип көз салышарын ырастады.

Москва менен Тегеран алты жылдан бери токтобой келаткан урушта президент Башар Асаддын өкмөтүн колдосо, Анкара оппозицияны жактайт.

Кечээ Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 27-январда Москвада Сирия оппозициясынын өкүлдөрү менен жолугушат деп кабарланган эле, бирок ага ким катышары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG