Орусия АКШнын Сирияда “коопсуз тилке” түзүү планына этият мамилесин билдирип, Вашингтон бул маселеде Москва менен кеңешпегенин, анын кесепеттерин карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.
АКШ президенти Доналд Трамп Сириядагы качкындар үчүн “коопсуздук тилкесин” түзүү ниетин билдирген. Бул АКШга иммиграцияны чектөө планынын бир бөлүгү болмокчу. ABC News телеканалындагы маегинде Трамп Европа биримдигинин качкындар кризисин чечүү аракеттери аны ушундай ойго түрткөнүн айткан.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков “Бул – суверендүү чечим” экенин билдирип, “пландын качкындар кризисин тереңдеттирбеши маанилүү” экенин кошумчалады.
Коопсуз тилкелерди көптөн бери жактап келаткан Түркия долбоорду байкап көрүүгө кызыкдар экенин ырастады.