Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:51

Крымда шектүү "хизбутчуларды" кармоо операциясы жүрдү


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Крымда Орусиянын коопсуздук күчтөрү Хизб ут-Тахрир уюмунун шектүү мүчөлөрүнө каршы рейд өткөрүшкөнү кабарланды. Крымдын Улуттар аралык маселелер боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Заур Смирнов операция 26-январда Бахчисарай шаарында жүргүзүлгөнүн маалымдады. Анын чоо-жайы жөнүндө айтылган жок.

Өткөн жылы октябрда Орусияда тыюу салынган ал уюмдун мүчөлөрү деген шек менен кеминде 5 крым татары кармалган.

Орусия 2014-жылдын мартында Украинага таандык жарым аралды ээлеп алгандан кийин крым татарларына жасаган мамилеси үчүн Батыштын, укук коргоочулардын сынына кабылып келатат. Крым татарларынын өкүлдөрү уурдалган, камакка алынган, өлтүрүлгөн учурлар тууралуу кабарлар маал- маалы менен тарап келет.

XS
SM
MD
LG