Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

«Өнүгүү-Прогресстин» талапкери Кантта мэр шайлоодон четтетилди


«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын талапкери Кант шаарынын мэр шайлоосунан четтетилди. Бул тууралуу партиядан кабарлашты. Кант шаардык кеңешинде коалициялык азчылыктан шаар мэрлигине альтернативдүү талапкер болуп чыккан Майрамбек Асымкуловду четтеткен аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин «Өнүгүү-Прогресс» партиясы мыйзамсыз деп билдирди.

- АШКнын чечимин мыйзамсыз жана саясатташтырылган деп эсептейм. Мэрликке талапкер катары документтердин баарын убагында киргизгем. Мен бүгүн БШКга расмий арыз менен кайрылдым, алар чечип берет деп ишенем, - деди Майрамбек Асымкулов.

БШК бул билдирүү боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG