Парижде жайгашкан Чек арасыз кабарчылар уюму жана европалык мыйзам чыгаруучулар "Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен кызматташкан журналист Николай Семенага каршы айыптоолорду алып салууга Орусияны үндөдү. Ага сепаратизм боюнча күнөө тагылган. Анын тарапкерлери муну Крым жарым аралынын Москва тарабынан аннексияланышын сындаган журналисттин оозун жабуу аракети катары баалашууда. Крым Украинага кайтарылууга тийиш деген макаласынан кийин Семена өткөн жылдын апрелинде кармалып, кое берилген. Бирок ага жарым аралдан кетпөө көрсөтмөсү берилген. Күнөөсү далилденсе, беш жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.
Чек арасыз кабарчылар уюму Орусияны ал “абсурд” айыптоолордон баш тартууга чакырды. 24-январда Европа кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы да ушундай кайрылуу жасаган. ЕККУнун медиа эркиндик боюнча өкүлү Дуня Миятович ошол эле күнү журналистти “куугунтуктоону токтотууга” үндөгөн.