Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Сузакта жер көчкү жүргөн айылда кырсыкты алдын алуу чаралары көрүлүүдө


Көчкү.
Көчкү.

Сузакта жер көчкү жүргөн айылда адамдардын жабыркоосун алдын алуу чаралары көрүлүүдө. Кечээ кечинде Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыз-Көл айыл аймагынын Сары-Булак айылында жер көчкү жүрүп, 2 турак үйдү, бир нече майда жандыкты жана 2 жылкыны басып калган. Адамдардан эч ким жабыркаган эмес. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, учурда жер көчкүнүн көлөмү такталууда жана кошумча коопсуздук чаралары көрүлүп жатат.

- Басылып калган үйдүн жана дагы бир үйдүн тургунун жанындагы токой чарбасына убактылуу көчүрдүк. Үйүнөн бирдеме алам деп кайра кирип жүрбөсүн деп милиция кызматкерлерин кайтартып койдук.

Акматовдун белгилешинче, жер көчкү жүргөн жерде андан башка турак үй жок. (RK)

XS
SM
MD
LG