Июнь окуясы үчүн соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өмүрүн сактап калууга арналган акция башталды. Бир катар кыргызстандык укук коргоочулар бул демилге аркылуу ага дем берип, колдоо көрсөтүү максатын көздөп жатат.
“Аскаровдун тагдырына кайдыгер карабаган ар бир жаран каалоо-тилегин телефонго жаздырып жөнөтсө анын баары монтаждалып, дискке көчүрүлүп, адвокат аркылуу колуна берилерин” "Азаттык үнү" укук коргоо порталынын редактору Абдумомун Мамараимов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
2010-жылдагы июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Аскаровдун иши БУУнун сунушу менен кайра каралып чыгып, ошол эле өкүм күчүндө калды.
Адвокаттар Чүй облустук сотунун 24-январдагы өкүмүн акыйкатсыздык деп атап, Жогорку Сотко кайрыларын айткан.
Бул өкүмгө Аскаров өзү да протест билдирип, түрмөдө ачкачылык жарыялады.
Укук коргоочулар бул кадам анын ден соолугуна оор залака тийгизип, өмүрүнө коркунуч жаратып жатканын айтууда. (RK)