Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:09

Globalink: Кулаган учактагы жүктүн бир бөлүгү Бишкекте күтүлүп жаткан


Дача Су айылы
Дача Су айылы

“Манас” аэропортунун жанындагы кулаган учактагы JTI Kazakhstan LLC компаниясынын жүктөрү Бишкекте күтүлүп жаткан.

Бул тууралуу аталган компанияга брокердик кызмат көрсөткөн Globalink Logistics Group компаниясынан “Азаттыкка” кабарлашты.

Маалыматка ылайык, JTI Kazakhstan Гонконгдон ташып келаткан жүгүн Кыргызстандын аймагында бажылык каттоодон өткөрүү жана өлкө ичиндеги түйүндөрүнө жеткирип берүү үчүн Globalink Logistics Group компаниясын жалдаган.

“Биздин компания бул жүктөрдү Гонконгдон Бишкекке ташып келүү эмес, Кыргызстанга келген соң аны бажылык каттоодон өткөрүп, өлкө ичиндеги түйүндөрүнө жеткирип берүүгө келишим түзгөнбүз. Бизге JTI Kazakhstan компаниясы 12-январда Гонконгдо “электр зажигалкалардын” жүктөлүп жатканы тууралуу маалымат берген. Ошондон тарта бардык документтерди даярдап, Бишкекте күтүп жатканбыз. Биздин эсеп боюнча аталган жүк 20-январга чейин Бишкекке келмек”, - деди Globalink Logistics Groupтун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн кызматкери Анна Недугова.

Недугованын айтымында, ташылып келаткан жүктүн бардык документтери болгон жана бажылык каттоодон өткөрүү үчүн даярдыктар көрүлүп жаткан.

“Жүктүн кандай багыт менен келери тууралуу биздин кабарыбыз жок. Ага жүктү ташыган авиакомпания жооп берет. Биздеги документтер боюнча жүк жөнөтүлгөн аэропорт Гонконг жана жүктү тосуп алуучу аэропорт Бишкек экени көрсөтүлөт. Бул жүк мыйзамдуу болгон жана ал үчүн бардык документтер бар” деп кошумчалады Анна Недугова.

Globalink Logistics Groupтун өкүлүнүн маалыматында, мындай кызматты көпчүлүк компанияларга көрсөтөт жана JTI компаниясы менен бир нече жылдан бери кызматташып келген.

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 16-январда кулаган түркиялык ACT Airlines компаниясынын учагындагы жүк боюнча иликтөөсүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялаган. Ага ылайык,76 тоннадан ашуун тиричилик техникасы, мобилдик телефондор жана башка электрондук жабдыктар сыяктуу жүк болгону айтылган.

Алардын арасынан 1902 килограмм “электр зажигалкаларды” JTI Kazakhstan LLC компаниясынын буюртмасы менен Бишкекке алып келаткан.

Бул компанияга логистикалык кызматты эл аралык Globalink Logistics Group аттуу транспорттук-экспедитордук ишканасы аткарып келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG