Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:15

Трамп менен Путин 28-январда телефондон сүйлөшөт


Орусия президенти Путин телефондон сүйлөшүүдө. 11-август, 2014-ж.
Орусия президенти Путин телефондон сүйлөшүүдө. 11-август, 2014-ж.

Дональд Трамп менен Владимир Путиндин телефондон сүйлөшүүсү 28-январга белгиленди. Бул тууралуу Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков кабарлады. Анда АКШ-Орусия президенттери эмне теманы талкуулашары азырынча белгисиз.

Мурдараак алгачкы сүйлөшүүдө эл аралык терроризм менен күрөшүү маселеси талкууланары айтылып жаткан.

Украина, Сирия маселелерине байланыштуу АКШ Орусияга экономикалык санкцияларды салган. Ушу тапта мамилелери солгун. Ал эми Трамп Путин менен ымала табарын, мамилени оңдоорун айтып келет.

XS
SM
MD
LG