Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Гамбиянын шайланган президенти мекенине келди


Гамбиянын шайланган президенти Адам Барроу.
Гамбиянын шайланган президенти Адам Барроу.

Гамбиянын шайланган президенти Адам Барроу коңшу Сенегалдан өз өлкөсүнө келди. Аны БУУнун Батыш Африка боюнча атайын өкүлү коштоп келди. Коопсуздукту Батыш Африка альянсы - ЭКОВАСтын учактары, аскерлери камсыздоодо.

Аянты Талас облусунан кичирээк бул өлкөдө шайлоо 1-декабрда эле өткөн. Анда Гамбияны 22 жылдан бери башкарып келаткан Яхья Жамме утулуп калган эле. Жамме адегенде атаандашынын жеңишин таанып, бирок, кийин ал оюнан кайтып, кызматынан кетүүдөн баш тарткан.

Ал арада шайланган президент Барроу Сенегалдагы Гамбиянын элчилигинде кызматтык ант берген болчу.

Кийинчерээк ЭКОВАС өлкөгө аскер киргизгенден кийин мурдагы президент 22-январда Экватордук Гвинеяга качууга аргасыз болгон. Жамме казынадан 11 млн долларды уурдай кеткени да белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG