Аба ырайы:
28-январда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда кар жаабайт. Күндүз Нарын облусунун жана Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорундо бир аз кар жаайт.
Жолдор тайгак, тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү топтолот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,
Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7,
Баткен облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5,
Нарын облусунда түнкүсүн -20...-25, күндүз -6....-11,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21...-26, күндүз -8...-13 суук.
Бишкек шаарында кар жаабайт. Түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -2…-4, күндүз 4…6 градус жылуу болот.