Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Душанбенин мурдагы мэрине байланыштуу иликтөө башталды


Махмадсаид Убайдуллоев
Махмадсаид Убайдуллоев

Тажикстандын президентинин алдындагы каржы көзөмөлү жана коррупция менен күрөшүү агенттиги Душанбенин мурдагы мэри Махмадсаид Убайдуллоевге байланыштуу иликтөө баштады.

Анда ал киши мэр кезинде турак жай долбоорун ишке ашырууда жана башка мэриянын иштеринде бюджет каражаттарын кымырып алышы мүмкүн деп айтылууда.

Агенттиктин жетекчи орун басары Ильяс Идрисзоданын айтымында, буга шаар тургундарынын кайрылуусу негиз болгон.

Убайдуллоев Тажикстан борборун 20 жыл башкарган. 12-январда кызматынан алынып, ордуна президент Эмомали Рахмон өз уулу Рустами Эмомалини бекиткен.

XS
SM
MD
LG