Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Трамптын кеңешчиси Орусиядан санкцияларды алуу каралып жатканын ишара кылды


Келлиан Конвей
Келлиан Конвей

АКШ президенти Дональд Трамптын башкы кеңешчилеринин бири Келлиан Конвей Fox News телеканалына берген маегинде Орусияга каршы санкцияларды алып салуу “каралып жатканын” ишара кылды.

Бул тууралуу ал 28-январга белгиленген Трамп менен Орусия президенти Владимир Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсүн комментарийлеп жатканда айтты.

Журналист кээ бирөөлөр Орусияга каршы Обаманын санкцияларынын айрымдарын дароо кароону сунуштап жатышканын билдирип, "күн тартибиндеги маселелер тууралуу эмнени айта аласыз?" дегенде Конвелл:

"Мунун баары каралып жатат" деп жооп берди.

Мурдагы президенти Барак Обаманын тушунда АКШ Крымды аннексиялап алып, Украина чыгышындагы жикчилдерди колдогону үчүн жана хакердик чабуул боюнча Орусияга каршы санкцияларды салган.

XS
SM
MD
LG