Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

Абулгазиев: гумжардамды кабыл алуу 1-февралда аяктайт


Дача СУ айылы. 18-январь, 2017-жыл.
Дача СУ айылы. 18-январь, 2017-жыл.

Учак кырсыгына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин пункттарына калктан келип жаткан гуманитардык жардамдар 1-февралында аяктайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Мухаметкалый Абулгазиев «Семетей» мейманканасында министрлик жана мекеме жетекчилери менен өткөн көчмө кеңешмеде билдирди.

Ал ошондой эле 11-февралдан тартып гуманитардык жардамдар каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга ачык жана калыс бөлүштүрүлөрүн убада кылды.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, гумжардамды бөлүштүрүү иштерине жабыркагандар өздөрү, аксакалдар, жаштар жана башка тараптар тартылат.

ӨКМ буга чейин учак кырсыгына байланыштуу атайын эсепке 33 млн. сомдон ашык каражат түшкөнүн билдирген. Ошондой эле кырсык болгон жайда таштандыларды, төгүлгөн керосиндин жытын тазалоо иштери жүргүзүлгөнүн кабарлаган. Мындан башка Дача СУ айылындагы жарым-жартылай бузулган, чатыры талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн турак-жайлардын ээлерине шифер жана башка курулуш материалдары берилген. (SDz)

XS
SM
MD
LG