Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Авиакырсыкта жабыркагандарды “Манас” айылына көчүрүү сунушталды


Дача СУ айылы, учак кырсыгынан талкаланган үй.
Дача СУ айылы, учак кырсыгынан талкаланган үй.

Вице-премьер-министр башында турган өкмөт мүчөлөрү “Семетей” мейманканасында көчмө жыйын өткөрүп, учурда токтоосуз чечимди талап кылган негизги милдеттердин бири – кырсыктан жабыркагандарды турак-жай менен камсыздоо экенин билдирди.

Абулгазиев учурда жабыркагандарды турак-жай менен камсыздоо маселеси чечилгиче, алар үчүн убактылуу жашоочу жай изделип жатканын билдирип, бир вариант катары «Манас» айылы каралып жатканын айтты. Бул чечим балдардын өз мектептеринде билим алуусун үзгүлтүксүз улантышы үчүн көрүлгөнүн кошумчалады.

Өз кезегинде «Семетей» мейманканасында жайгашкан жабыркагандар да бул сунушту колдоого алышты.

16-январда Гонконг-Бишкек-Стамбул багытындагы “Боинг 747” жүк учагы “Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна кулап, 23 үйдү талкалап кеткен. 39 адамдын өмүрү кыйылып, он чакты адам жаракат алган.

Кырсыктын кеcепетинен үй жайсыз калган жыйырмага жакын адам “Семетей” мейманканасына жайгаштырылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG