Райондун Сары-Булак айылындагы 13 үй-булө жашаган аймакта жер көчкү активдешкендиктен улам, башка жакка көчүрүлүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынан билдирди.
Аталган үйлөргө буга чейин эле ӨКМ тарабынан эскертүү берилип, ссудаларын алышкан. Бирок толук көчүп кете элек болчу.
26-январда бул айылда жер көчкү жүргөндүктөн жергиликтүү бийлик аларды кайрадан чыгарууга аргасыз болушту. Жашоочулар туугандарыныкына жайгаштырылды.
Сары-Булакта 26-январда көлөмү 65 миң куб жер көчкү жүрүп, 2 турак жайды көчкү алдында калса, дагы эки үй жарактан чыккан. Бул үй-бүлөлөр дагы аймактагы токой чарбанын имаратына көчүрүлдү. (RsK)