Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Кара деңиздеги Ту-154 учагы экипаждын катачылыгынан кыйраган


Ту-154 учагынын калдыктары.
Ту-154 учагынын калдыктары.

Өткөн жылдын декабрь айында Кара деңиздеги Ту-154 учагынын кырсыгы экипаждын катачылыгынын айынын болгонун “Коммерсант” басылмасы жазып чыкты. Басылмага маалымат берген адамдар азырынча авиакырсыкка экипаждын кандай катачылыгы таасир эткенин толук айтыша элек. Бирок, алдын ала маалыматтарда кырсыкка учактын техникалык абалы себеп болгондугу тууралуу божомолдор жокко чыкты. Азырынча бул маалыматтар расмий деңгээлде ырастала элек.

Комиссиянын ырасташынча, учактын сууга кулаганга чейин бардык техникалык системасы иштеп жаткан. Учурда эксперттер Ту-154 самолётунун учуучу тилкеден абага көтөрүлгөн учурун иликтеп жатышат.

Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу Ту-154 учагы Сочиден Сирияга баратып 25-декабрда Кара деңизге кулап түшкөн. Кырсыктан учактагы бардык 92 адам набыт болгон. Бортто Александров атындагы элдик ансамблдин артисттери, аскерлер, журналисттер жана “Адилеттүү жардам” фондунун башчысы Елизавета Глинка дагы бар болчу. (SDz)

XS
SM
MD
LG