Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

2016-жылы Кыргызстандын калкы 115 миң адамга көбөйдү


Өткөн жылдын 11 айында Кыргызстандын калкынын саны 115 миң адамга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады.

11 ай ичинде ЗАГС органдарында 145 миң ымыркай төрөлгөнү айтылат. Ошол эле учурда 30 миң адам кайтыш болгон. Натыйжада калктын табигый өсүүсүнүн көрсөткүчү 115 миң адамга жеткен.

Калктын эң жогорку өсүш көрсөткүчү Баткен жана Ош облустарында катталган. Жалпы бир жылдын көрсөткүчү 12 айдын жыйынтыгы менен чыгарылат.

2016-жылдын 1-январына карата Кыргызстан калкынын саны 6 млн. 19,5 миң адамды түзгөн. Шаарда 2 млн. 29,5 миң адам жашаса, айылдарда 3 млн. 990 миң адам катталган.

XS
SM
MD
LG