Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

UFC: Валентина Шевченко Пеньяны жеңди


Валентина Шевченко жана Джулианна Пенья
Валентина Шевченко жана Джулианна Пенья

Спортчулардын беттеши бүгүн таңда АКШнын Колорадо штатында өттү. Уруштун алгачкы мүнөтүндө Жулианна Пенья кыргыз спортчусунун алдында артыкчылыкка ээ болгон менен, Валентина Шевченконун соккулары таамай болуп жатты.

Биринчи таймдын аягында Пенья Шевчонконун колун чойгонго аракет кылып, бирок кыргыз спортчусу Пеньянын аракеттерин майтара алды.

Экинчи раунда Шевченконун каршылашы дагы деле болсо үстөмдүккө ээ болуп жатканы менен, таймдын аягында кыргыз спортчусу партерден атаандашынын колун кысып, бурагандан соң, Жулианна Пенья багынып берди.

Шевченко UFC алкагында үчүнчү жеңишине ээ болду. Эми ал атактуу спортчу Амандо Нунез менен чемпиондук титул үчүн кармашат. (SDz)

XS
SM
MD
LG