Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Трамп менен Меркел НАТОнун маанилүүлүгүн белгилешти


АКШ президенти Дональд Трамп менен Германиянын канцлери Ангела Меркел эки өлкөнүн мамилелери коопсуздук жаатында маанилүү роль ойной турганын ырасташты.

Вашингтон менен Берлин билдиргендей, ишемби күнкү эки өлкө лидерлеринин телефон сүйлөшүүлөрүндө терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүдө кызматташтыкты жандантууга токтолушту.

Тараптар НАТОнун маанилүүлүгү тууралуу сөз кылып, уюмга мүчө бардык өлкөлөр “адилетүү каржылык салым” кошушу керектигин айтышты.

Ошол эле күнү Трамп Франциянын президенти Франсуа Олланд менен телефон аркылуу сүйлөшүп, экономика жана саясый тармактагы кооптуу жагдайларды талкуулаган. Олландын администрациясы маалымдагандай, тараптар Сириядагы чатакты БУУнун көмөгүсүз жайгаруу мүмкүн эместигин белгилешкен. (SDz)

XS
SM
MD
LG