Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Грузияда жол эрежесин бузган айдоочуларга айыппул көтөрүлөт


Тбилиси
Тбилиси

Грузиянын Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузган айдоочуларга айыптын көлөмүн жогорулатууну мерчемдеп жатат. Акыркы учурда Грузияда жол кырсыгы көп катталып жатканына байланыштуу, жакын арада бул маселе өкмөттүн талкуусуна коюлмакчы. Ага ылайык, өлкөнүн бардык аймагындагы жолдорго видеокамералар коюлуп, эреже бузгандарга айыппул эселеп көтөрүлмөкчү.

Грузия Ички иштер министринин орун басары Шалва Хуцишвили айдоочуларга айыппул көтөрүлгөнү менен, жөө адамдарга чара көрүү мүмкүн болбой жатканын «Имеди» каналына билдирди. Себеби өлкөдө ар бир жөө адам жол сызыктарына маани бербей өтүп жаткан учурду аныктап, каттоо көп түйшүктү жаратууда деди ал.

Натыйжада Грузия полициясы алгач айдоочулардын айыппулун көтөрүп, жөө жүргүнчүлөргө чара көрүүнү азырынча карабай турган болушту. (SDz)

XS
SM
MD
LG