30-январда айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз +2...+7,
Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз +2...+7,
Баткен облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +2...+7,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +2...+7,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -4....-9,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -6...-11 суук.
30-январда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз +5…+7° жылуу болот.