Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

АКШ соту ислам өлкөлөрүнүн жарандарын депортациялоону токтотту


Жон Кеннеди атындагы аэропорттогу нааразычылык. 28-январь, 2017-жыл
Жон Кеннеди атындагы аэропорттогу нааразычылык. 28-январь, 2017-жыл

АКШнын Федералдык соту өлкөдөгү саякатчыларды жана качкындарды депортациялоону убактылуу токтоткон чечим чыгарды. Ага ылайык, визасы бар качкындарга жана башка юридикалык уруксаты бар тараптарга Кошмо штаттардын аймагына кирүүгө тыюу салынбайт.

Жарандык эркиндик боюнча америка биримдиги уюму да президент Дональд Трамптын буйругу АКШ аэропортундагы эки жүзгө чукул адамга түз таасир этерин айтып, алар келген өлкөсүнө кайра депортацияланат деген тынчызданууларын билдиришкен.

Өлкөнү террористтерден коргоону убада кылган Трамп жума күнү жаңы иммиграциялык эрежелерди киргизген. Ага ылайык, Иран, Ирак, Сирия, Судан, Ливия, Йемен жана Сомали өлкөлөрүнүн жарандарын 90 күнгө АКШга кирүүсүнө тыюу салынган.

АКШнын ички коопсуздук департаменти болсо жаңы иммиграциялык эреже ишке кирген бир күн ичинде 109 адамга Кошмо штаттарга кирүүгө бөгөт коюлганын маалымдаган.

Трамптын жети мусулман өлкөсүнүн жарандарына АКШнын аймагына кирүүгө тыюу салган буйругунан кийин, АКШнын көпчүлүк аэропортунда нааразычылыктар башталып, ал башаламандык менен коштолгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG