Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

Бүгүн Алматыда кышкы Универсиада башталат


Алматы
Алматы

Алматыда бүгүн бүткүл дүйнөлүк кышкы Универсиаданын ачылыш аземи болот. Алдыдагы күндөрү 57 өлкөдөн келген эки миңге чукул спортчу 86 медалдар комплекти үчүн ат салышат. Бүгүн кечинде “Алматы-Аренадагы” ачылыш аземинде студенттик жарыштын оту жандырылат.

Алматы мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен биринчи болуп кышкы Универсиаданы өткөрүп жатат. Оюндардын ачылыш аземине казак президенти Нурсултан Назарбаевдин келиши күтүлүүдө. Буга чейин Назарбаев Казакстандын тарыхында мындай чоң масштабдагы оюндар өтпөгөнүн билдирген.

Жергиликтүү бийлик Универсиадага мыкты даярданганын билдиришкени менен, социалдык түйүндөрдө оюндардын даярдыгы көп сындалууда. Универсиаданын ачылыш аземинин алдында коммуналдык кызматкерлер шаардын кир көчөлөрүнө кар ыргытып жаткандыгы тууралуу видео чыгып, казакстандыктардын талкуусуна түштү. Маалыматтар боюнча бул көчөдөн Универсиада отунун эстафетасы өтмөк. (SDz)

XS
SM
MD
LG